Astana Hub-та өткөн Demo Day иш-чарасында бүгүн казакстандык ишканаларда жасалма интеллектти ийгиликтүү киргизүүнүн мисалдары көрсөтүлдү. Алардын бири – каалаган аппаратуранын ишиндеги четтөөлөрдү тааный ала турган жаңы технология. Жабдык иштен чыга электе эле, жасалма интеллект бузулуу тууралуу алдын ала эскертет. Иштеп чыгуучулардын айтымында, мунун натыйжасында күтүүсүз токтоп калуу убактысы кыскарат, демек, каржылык чыгымдар да азаят. Долбоордун авторлору белгилегендей, AI чечимдери экономиканы диверсификациялоодо негизги ролду ойнойт, алар өлкөнүн өнөр жайынын технологиялык өнүгүүсүн тездетүүгө багытталган. Катышуучулар маалыматтарды чогултуу жана иштетүү процесстерин автоматташтырууга мүмкүндүк берген жасалма интеллекттин мисалдарын да талкуулашты.
Азамат Панбаев, Өнөр жай жана курулуш министрлигинин комитетинин төрагасы
- Статистикалык маалыматтарга ылайык, өткөн жылы автоматташтыруу үчүн санариптик куралдарды киргизген ишканалардын үлүшү 19%ды түздү, быйыл аны 23%га чейин көбөйтүүнү пландаштыруудабыз. Санариптештирүү өнүгүүдө, бирок жасалма интеллект технологиялары азырынча жаңыдан гана киргизилип жатат.
Сакен Шаяхметов, «Казахмыс корпорациясы» жчк туруктуу өнүгүү жана коммуникация боюнча башкаруучу мүдүрү:
- Биз жасалма интеллектти киргизүүгө дээрлик даяр болгон инфраструктураны түздүк. Эң биринчи мисал, албетте, каалаган тоо-кен металлургиялык комплекси жана жер казынасын пайдалануу геологиядан башталат. Бүгүн биз Жезказган шаарында геологиялык кластердин курулушун аяктап жатабыз. Ушул кластердин базасында эң заманбап инструменттер, анын ичинде жасалма интеллект дагы жайгаштырылат, ошондо биз кернди тезирээк жана эффективдүү талдап, кендерибизге болжолдоолорду бере алабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

