Казакстанда шамал жана күн шооласы аркылуу «жашыл» суутек өндүрүшүн баштоо пландалууда. Бул үчүн Актаудагы казак-немис туруктуу инженерия институтунда өндүрүштү терең окуткан магистратура жана докторантура ачылат. Жакынкы эки жылда энергетика жана логистика багыттары боюнча билим берүү программалары иштелип чыгат. Анын дараметин талкуулоо үчүн өлкөгө Германиянын университеттеринин окумуштуулары келишти. Алар бул багытта бир жума бою жергиликтүү адистер менен пикир алмашат.
Ханс-Людгер, Берлин техника университетинин профессору:
- Негизги максаты-туруктуу энергетикалык өнүгүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган магистратура, докторантура боюнча билим берүү программасын түзүү. Ошондой эле деңиз инфраструктурасын изилдөө жана деңиз операцияларын башкаруу боюнча мега долбоорду талкуулоо. Башка окумуштуулар менен бирге Каспий аймагынын экологиялык туруктуулугун жогорулатуу үчүн биз мунайдын төгүлүшүн алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзөбүз. Биргелешкен иш өлкөлөр ортосундагы академиялык дараметти чыңдоого өбөлгө түзүүчү илимий долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

