Аяк оона айынын 1нен тарта казакстандын мектептеринде тамак-аштын жаңы стандарты киргизилет

Аяк оона айынын 1нен тарта казакстандын мектептеринде тамак-аштын жаңы стандарты киргизилет

Келе жаткан окуу жылынан баштап казакстандык окуучулар үчүн атайын меню түзүлөт. Билим берүү мекемелеринин ашканаларында тамактануу стандарттары өзгөртүлдү. Тиешелүү буйрукка саламаттыкты сактоо министри кол койду. Эми фаст-фуд, кофе, каймак токочтор жана башка таттууларга тыюу салынат. Ошондой эле менюда чочконун эти, кой жана бодо малдын эти болбойт. Туз, соустар, майонез жана кетчуп кошулбайт. Мындай тыюу салуулардын тизмесине кычкыл сүт азыктары, анын ичинде айран жана быштак, ошондой эле даамдуу кошулмалары бар ширелер жана суу кирет. Жаңы меню казактардын салттуу тамактарынан-уйдун эти кошулган тамак, жент, курут, ошондой эле йогурт, компот, жашылча жемиштер, дан, глютенсиз ундан жасалган өнүмдөрдөн тузүлөт. Бул жаатта тамак-аштын 75% өсүмдүк азыктарынан тургандыгын белгилей кетүү керек. Башкача айтканда, негизинен жашылча-жемиш, жарма, буурчак, жаңгак берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков