Төрт тилди өздөштүргөн казак баласы социалдык тармакта дүйнө жүзүн таң калтырды

Төрт тилди өздөштүргөн казак баласы социалдык тармакта дүйнө жүзүн таң калтырды

Төрт тилди бирдей билген казак баласы дүйнөнү таң калтырды. 11 жаштагы Бекнур Жанибектин дүйнөгө таанымал блогер Юджи менен болгон маеги интернетте миллиондоп көрүлгөн. Мүмкүнчүлүгү чектелген болсо да, жаш жеткинчек казак, орус, англис, француз тилдеринде эркин сүйлөйт. Келечекте ал жапон жигити Юджи сыяктуу он тилде эркин сүйлөөгө аракет кылууда. Бекнурдун апасы экөө дароо тил табышып кеткенин айтат.

Зауре Бектемисова, Бекнурдун апасы:

– Чет тилдерди үйрөнүү жараянында ошол өлкөнүн маданиятына да терең сүңгүп кетесиз. Уулум тил үйрөнүү менен көз карашын кеңейтүүдө. Тил үйрөнүп жатып, ошол өлкө жөнүндө көп окушат, мунун пайдасы чоң.

Бекнур билим менен өнөрдү бирге алып жүргөн өспүрүм. Ал англис тили боюнча олимпиаданын жеңүүчүсү. Евровижн-2021 ыр сынагына катышып, финалдык сынакка катышкан 19 өлкөнүн өкүлдөрүнүн ичинен 8-орунду ээлеген.  Бүгүнкү күндө анын бекем эрки, жашоодогу аракети көпчүлүккө үлгү.

Бекнур Жаныбек уулу, окуучу:

– Алты жашымдан баштап ырдай баштагам. Евровидениеге атам алып барды. Мүмкүн эмес эч нерсе жок! Баарын жасоого, максатка жетүүгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков