Казакстанда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө 240 миллиард теңге бөлүнөт. Ал эми чакан жана орто бизнести субсидиялоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 320 миллиард теңгеге чейин көбөйөт. Мындан тышкары, 12 атайын экономикалык жана өнөр жай аймагын өнүктүрүүгө 160 миллиард теңге жумшалат. Өкмөттө мамлекет башчысынын Улуттук курултайдын жүрүшүндө көтөргөн демилгелерин ишке ашыруу пландары талкууланды. Өкмөт башчысынын айтымында, быйыл 70тен ашык долбоор пайдаланууга берилет. Кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү максатында ата мекендик ишканалардын жүктөмүн орто эсеп менен 65%га чейин жогорулатуу боюнча кошумча чаралар иштелип чыгат. Транзиттик коридорлорду өнүктүрүү жана транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү үчүн жаңы темир жолдорду, логистикалык борборлорду жана кампаларды куруу иштери улантылат. Маселен, темир жол транспорту менен жук ташуу көлөмүн 450 миллион тоннага, автоунаа транспорту менен ташуу көлөмүн 316 миллион тоннага чейин, ошондой эле, транзиттик ташууларды 30 миллион тоннага чейин жеткирүү мерчемделип жатат. Өкмөттүн жыйынында маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү тармагына да өзгөчө көңүл буруу керектиги айтылды. Атап айтканда, IT-кызматтар экспорту 600 миллион долларга чейин жеткирилет. Муну менен катар, республиканын турак жай тармагын кеңейтип, өүктүрүү боюнча да чаралар талкууланды.
Нурлан Байбазаров, Улуттук экономика министри:
— Биринчи кезекте турак жай курулушу. Быйылкы жылы 18 миллион чарчы метр турак-жай салуу пландалууда. Биз калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн ижарага берилүүчү турак жайлардын көлөмүн 4 эсеге көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Ага кошумча 272 миллиард теңге бөлүнөт. Бугу айынын 1де «Отбасы Банкы» аркылуу жаңы жеңилдетилген ипотекалык программа ишке кирет. Ал 12 миңге жакын үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылат. Бул максатка 300 миллиард теңге бөлүнөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков