Маңгыстаулук чеберлердин төө жүнүнөн жасалган буюмдары өлкөдө гана эмес, чет өлкөлөрдө да суроо-талапка ээ. Бул күнү Каракыя районундагы чакан айылдын аялдары жасаган буюмдар Кыргызстанда сунушталат. Даяр буюмдардын кийинки партиясы Жапонияга жөнөтүлөт.
Сауле Салихова, облусттук ишкер айымдар
бирикмесинин төрагасы:
Биринчи партиябыз десек болот, “Бир айыл –
бир өнүм” долбоорунун жетекчиси Бишкекке барып, өзү тапшырды. Казакстанда
биринчи экспорт болду десек болот. Мен муну бүткүл Казакстандын чоң жеңиши деп
эсептейм. Анткени, элеттик аялдардын колунан жасалган буюмдар дал ушул күндөрү
чет өлкөгө чыгып жатат. Бул биз үчүн чоң сыймык.
Курык айылында мамлекеттин колдоосу менен
чакан өндүрүш ачылган. Мында төөнүн жана койдун жүнүнөн азем белектер,
оюнчуктар, сырткы жана бут кийимдер тигилет, өзгөчө балдар үчүн кышкы бут
кийимдердин бардык түрлөрүнө суроо-талап жогору. Анткени өнүм экологиялык
жактан таза, жылуу жана ыңгайлуу.
Анар Кошаева, Курык айылынын тургуну:
Койдун, төөнүн жүнүнөн түрдүү буюмдарды
жасайбыз. Бизден чыккан өнүмдөрдү сатуу, аларга орун белгилөө сунуштары болду.
Биз муну дагы бышыктайбыз. Бизде айылда, жумушсуз аялдар көп. Ошол эле учурда мүмкүнчүлүгү чектелген
жарандар да бар.
Маңгыстаулук чеберлер ата мекендик туристтик фирмалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Максаты: төө жүнүнөн жасалган ата мекендик азем белектерди мейманканаларда жана туристтик борборлордо сатуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков