«Ортеке» бийлеткен чебер

«Ортеке» бийлеткен чебер

«Ортеке» бийлеткен чебер! Домбра менен күү черткенде ыргакка түшүп, түрдүү кыймылдарды жасаган куурчакка кызыкпай кароо мүмкүн эмес. Бул казак куурчак театрынын башталышы. Тараздык Казым Аманкосов эски ыкманы кайра жандандырган адам. Башкача айтканда, куурчакты музыкалык аспапка айландырды. Көпчүлүктү суктанткан бул спектаклди мамлекет башчы да көрдү.

Казым Аманкосов, сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү:

- Ортеке деген мага 90-жылдар эсиме түшөт. Казакстан өзүнчө мамлекет болду. Ошондуктан, казактын домбра өнөрүн өнүктүрөм деген ой келди. Андан сырткары унутта калган ортеке өнөрүн да колго алдым. 90-жылдардан баштап, 1996 жылы орткени бийлетип чыгардым.

Казым Аманкосов жыгач уста гана эмес, белгилүү кылкалем чебери да болгон. Анын колунан чыккандын баары улуттук аспаптарда ойнолот. Эмгектери Францияда, Германияда, АКШда, Испанияда сакталуу. Чебер учурда облустагы реабилитациялык борбордо скульптура жана сүрөт боюнча сабак берет. Бейтаптар анын арт-терапиясына абдан ыраазы.

Айша Ануар, дем алуучу:

- Басып жүргөнүмө 4 күн болду. Ушундай майда нерселерден баштап жатам. Ал гипстен жасалат. Акырындап үйрөнүп жатам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков