Искусство менен илимдин кызматташтыгы. Астанада Борбор Азиядагы биринчи BioArt көргөзмөсү ачылды. Искусство менен илимдин кызматташтыгы. Астанада Борбор Азиядагы биринчи BioArt көргөзмөсү ачылды. Аны Назарбаев Университетинин IGEM студенттик клубу «KULANSHI» заманбап искусство борборунун колдоосу менен уюштурууда. Уникалдуу экспозиция экология, биология маселелерине жана адамдын ар түрдүүлүгү темасына арналган.
Мындай адаттан тыш, болгон предметтик көргөзмөнү ачуу идеясы менен Назарбаев Университетинин жаш окумуштуулары жана студенттери бир жылдай ойлонушкан. Негизги идея адамзатка искусство призмасы аркылуу, аз эле адамдарга белгилүү болгон биологиялык дүйнөнүн байлыгын жана көп түрдүүлүгүн жеткирүү болуп саналат. Маселен, Анель Умирбаеванын бул эмгегинде көрүүсү начар балдар үчүн жасалган өсүмдүк жана жаныбарлардын клеткаларынын атайын тактильдик 3D моделдери берилген. Автор белгилегендей алар, тирүү организмдин жана жалпысынан бардык тиричиликтин биримдигин билдирет.
Анель Умирбаева, көргөзмөнүн жетекчиси, Назарбаев университетинин биология факультетинин студенти:
Бул жерден менин көптөгөн эмгектеримди, Назарбаев университетинин лабораторияларында тарткан сүрөттөрүмдү көрө аласыз. Кошумчалай кетсек, көргөзмө толугу менен азиздер үчүн ылайыкташтырылган. Сүрөттөө үч тилде да Брайл арибинде жазылган. Аудио версиясы да берилген. Биз ошондой эле аудио сүрөттөмө аркылуу адамдарга навигация бере алабыз. Ал эч кандай чектөөсүз бардык коноктор үчүн камтылган жана жеткиликтүү болот. BioArt жана биодизайн - Батыш өлкөлөрүндө популярдуу тенденциялар.
Студенттер өз эмгектеринде адамдын ДНКсынын, ошондой эле бактерия, жаныбарлар жана өсүмдүк клеткалары сыяктуу тирүү организмдердин укмуштуудай кооздугун жана өзгөчөлүгүн көрсөтүүгө аракет кылышкан. Ошону менен бирге ар бир автор өз экспонаттарында жана фотосүрөттөрүндө адамзаттын азыркы көйгөйлөрүн чагылдыруу максатын көздөгөн.
Лейла Махат, Заманбап искусство борборунун куратордук кеңешинин төрайымы:
Мааниси жана мазмуну боюнча көп кырдуу көргөзмө. Анткени авторлор кызыл китепке кирген адамдын өнүгүүсүнүн көйгөйлөрү, экологиялык көйгөйлөр жана жаныбарлар тууралуу суроолорду көтөрүшөт. Чындыгында экспонаттар уникалдуу. Анткени бул жерден үлүлдөрдүн, жада калса кумурскалардын сүрөт тартканын көрүүгө болот. Адам клеткасынын 1000 эсе чоңойтулган сүрөтүн да көрө аласыз. Башкача айтканда, биринчиден, кызыктуу болсо, экинчиден, сулуу.
Көргөзмө 2 жумадай өткөрүлөт дешет уюштуруучулар. Бул пробиркалардагы тирүү организмдерди чагылдырган айрым экспонаттарды мындай шартта узак убакытка сактоого мүмкүн эмес. Андыктан BioArt көргөзмөсүнө барууну каалагандар шашылуусу керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков