Казак музыка дүйнөсүнүн ханышасы! Өлкөнүн Улуттук музейинде Роза Багланованын 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Экспозицияга казак опера жана эстрада жылдызынын жеке буюмдары коюлду. Ырчынын сахнага кийген кийимдери, зер буюмдары, мамлекеттик сыйлыктары жана үй-бүлөлүк архивдеги сүрөттөрү да ушул жерден орун алган. Көргөзмөдөгү экспонаттар менен Роза Багланованын жакындары бөлүштү. Алардын айтымында, ар бир экспонат сахна жылдызынын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баяндайт. Эске салсак, СССРдин жана Казакстандын Эл артисти Роза Багланованын 100 жылдык мааракеси ЮНЕСКОнун деңгээлинде белгиленип жатат. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча легендарлуу инсандын урматына жыл бою аймактык, республикалык жана эл аралык деңгээлде түрдүү иш-чаралар уюштурулат.
Тажен Багланов, Р. Багланованын уулу:
- Апам кең пейил адам эле, артист, ырчы эле эмес, коомдук ишмер, Эл баатыры болгон. Апамдын 100 жылдык мааракесине карата мындай көргөзмөнүн уюштурулушу абдан жакшы. Бул биз үчүн маанилүү окуя. Бул жерден апамдын зер буюмдарын, кийимдерин көрүүгө болот. Музейдин суранычы боюнча кубануу менен алып келдик.
Которгон: Илгиз Жамалбеков