Абай Кунанбай уулунун бай чыгармачылыгы эми Черногорияда
таанылат. Улуу акын, философ жана агартуучунун туулганына 180 жыл толушуна
карата Подгорица шаарында Абай атындагы борбор ачылды. Анын фондуна 100дөн ашык
документ тапшырылды. Бул - Абайдын чет тилдерге которулган чыгармалары, анын
философиялык трактаттары, Абай таануу боюнча китептер жана башка дагы илимий
изилдөөлөр. Материалдарды Казакстандын Улуттук академиялык китепканасы менен
Абайдын «Жидебай-Бөрүлк» мамлекеттик музей-коругу сунуштады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

