Казактын «Оюу-чиймелери» расмий түрдө ИСЕСКОнун Ислам дүйнөсүнүн мурастарынын тизмесине кирди. Тиешелүү чечим Ислам дүйнөсүнүн мурастары комитетинин 13-сессиясында кабыл алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады. Жазууда ал «Оюу-чийме – маданий өзгөчөлүгүбүз менен тарыхый сабакташтыгыбызды бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү негизги этномаданий код. Оюу-чийменин ИСЕСКОнун беделдүү тизмесине кирүүсү – Казакстандын материалдык эмес маданий мурасын эл аралык деңгээлде илгерилетүүдөгү маанилүү кадам,- дейт. Президенттин тапшырмаларына ылайык, Казакстандын маданий мурас объектилерин ЮНЕСКО жана ИСЕСКО тизмелерине киргизүү иши улантыла берет», - деп жазды Ерлан Карин.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

