Жасалма интеллекттин жардамы
менен бейтаптарды текшерүүнүн жыйынтыктарын чечмелөө. Жетису облусунда
уникалдуу ата мекендик өнүмдүн мүмкүнчүлүктөрү колдонулууда. Долбоор «Дамумед»
жана «Жетису» системалары менен интеграцияланган жана аймактагы мамлекеттик медициналык
мекемелердин 90%ын камтыйт. Өткөн жылы эле жасалма интеллект 400 миңге жакын
адамдын сүрөттөрүн талдап чыккан. Алардын жыйынтыгы боюнча 150дөн ашык аялда
эмчек рагын эрте стадиясында аныктоого мүмкүн болду. Ал эми акылдуу
телерадиология системасынын аркасында бейтаптар сүрөттөрдүн чыгышын күтүүнүн
кереги жок. Рентгендик изилдөөлөрдүн, КТ жана маммографиянын маалыматтарын
дарыгерлер аралыктан алышат жана ошол жерден корутунду чыгарып беришет. Өз
кезегинде, дарыгердин пикирин бейтаптар онлайн режиминде - жеке кабинети
аркылуу көрө алышат.
Ержан Калиев, Маалыматтык
системаларды киргизүү жана коштоо долбоорунун жетекчиси:
- Борборлоштурулган системаны
киргизүү тармактын эң курч көйгөйлөрүнүн бирин – рентгенолог дарыгерлердин,
өзгөчө алыскы аймактарда кадрлардын жетишсиздигин чечүүгө мүмкүндүк берди.
Мурда сүрөткө түшүрүү үчүн рентгенологиялык дарыгер аймактарга же райондорго
өзү барып же бир нече күнгө созулган, кээде өзгөчө түнкүсүн жана дем алыш
күндөрү ооруканага шашылыш келиши керек болчу. Бүгүнкү күндө, корголгон VPN-кирүү
мүмкүнчүлүгүнүн аркасында, дарыгер интернет бар жерден системага туташып,
сүрөттөрдү толук сапатта көрүп, аларды чечмелеп, корутундуну кайра медициналык
уюмга жөнөтө алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

