2024-жылы 30га жакын казакстандык кино көрүүчүлөргө сунушталат

2024-жылы 30га жакын казакстандык кино көрүүчүлөргө сунушталат

Өткөн жылы көрүүчүлөргө 70тен ашык казак фильмдери көрсөтүлгөн. Алардын 56сы комедиялар. Улуттук кинематографияны колдоо  мамлекеттик борбордун адистеринин айтымында, бул жанр ата мекендик көрүүчүлөрдүн суроо-талабына ээ. Калган тасмалар драма, экшн жана хоррор жанрларына таандык.

 

Жангелди Өмиралиев, Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борборунун басма сөз катчысы:

 

- 2023-жыл бул тармак үчүн кино жаатында абдан ийгиликтүү жыл болду десек жаңылышпайбыз. Азыр чыныгы кино бум болуп жатканы жашыруун эмес. Кино чыгаруу жылдан-жылга артып келе жатат. Алардын ичинен прокатка чыгарылган картиналардын саны барган сайын көбөйүүдө.

 

Ал эми быйыл өлкөдө 19 картина тартыла баштайт. Мындан тышкары Казакстандагы Улуттук кинематографияны колдоо боюнча мамлекеттик борбордун түз катышуусу менен тартылган 30 тасманы көрүүчүлөргө тартуулоо пландалууда. Кино тармагынын адистеринин айтымында, бардык тасмалар өлкөдө аталган тармак кандай өнүгүп жатканын көрсөтүп турат.

 

Жангелди Өмиралиев, Улуттук кинону колдоо мамлекеттик борборунун басма сөз катчысы:

 

- Алардын ичинде «Жамбыл — Жаңы доор», Ахмет Байтырсун уулу тууралуу «Соңку өкүм» сияктуу чоң тарыхый драмалар бар. Ошондой эле, «Кара кыз» аскердик драма да бар. Мындан тышкары чоң мюзикл тартуу пландалууда. Ал «А-Студио» тобунун ырларынын негизинде жазылган «Солдат любви». Алтургай казактын рэп өнөрү тууралуу «Шулама» деген кино да тартылат. Буга кошумча коррупция тууралуу «Заха» экшн тасмасы да жарыкка чыгат. Жалпысынан жакшы чыгармалар көп болот.

 

Мамлекеттик колдоонун аркасында 2023-жылы тартылган 8 казак тасмасы эл аралык фестивалдардан байгелүү кайтты. Индиянын Мумбай шаарында өткөн фестивалда «Паралимпиадачы» тасмасы эң мыкты эркектин ролу үчүн атайын сыйлыкка ээ болду. Ал эми «Бооруна кысуу» тасмасы Австралияда өткөн Asia Pacific Screen Awards сыйлыгына татыды. 15-Ташкент эл аралык фестивалында «Бир туугандар» тасмасы мыкты режиссер номинациясын жеңип алды. Ошондой эле Түштүк Кореяда «Айкай» тасмасынын эл аралык бет ачары болуп өттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков