Кубизм жана
сюрреализм, абстракционизм жана импрессионизм. Түркмөнстан борборундагы
көргөзмөдө модерн стилдин ар кандай багыттарында аткарылган иштер көрсөтүлдү.
Экпозициянын уюштуруучуларынын айтымында, ага даярдык 5 ай бою жүргүзүлдү.
Катышуучулардын арасында кесипкөй сүрөтчүлөр гана эмес, көркөм сүрөт
академиясынын студенттери дагы бар. Акыркысы үчүн Түркмөнстандын белгилүү калем
чеберлери өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мастер-класстарды өткөрүшөт. Белгилей
кетсек, сунушталган эмгектер бул көргөзмө үчүн атайын жасалган. Авторлор аларды
1-2 айдын ичинде жазышкан.
Гахрыман
Гочмурадов, Түркмөнстандын көркөм сүрөт академиясынын окутуучусу, сүрөтчү:
Мен алты эмгегимди
алып келдим. Алардын бирин "мергенчилер" деп атадым. Эмне үчүн мындай
ысымды тандадыңыз деп ойлойсуз? Сүрөттө жаа атуу боюнча бири-бири менен
атаандашкан эки жаш жана анын айланасында аңчылык көрүнүштөрү чагылдырылган.
Сүрөттүн негизги максаты-алдыга коюлган максатка жетүү. Жумушта мен жылуу
түстөргө бир аз кара түстөрдү коштум.
Сасаки
Хироси, Жапониянын Түркмөнстандагы элчиси:
Мага Түркмөнстандын
бул көргөзмөсү абдан кызыгуучулук жаратты. Мында көркөм сүрөт чеберлеринин мыкты эмгектери
коюлган.

