Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин Мажилистин жалпы жыйынында билдирди. Министр «Казакстан өкмөтү менен Өзгөчө кырдаалдар жана жер титирөө коркунучун азайтуу борборунун ортосундагы өлкөнүн аймагында болуу шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, республиканын аймагынын 40%дан ашыгы жер титирөөгө жакын. Өткөн кылымда өлкөдө катастрофалык кырсыктар болбогонуна карабастан, Түркиядагы кырдаал сейсмикалык коопсуздукка болгон мамилени кайра карап чыгууну талап кылууда.
Биз алдын ала эскертүү системасын иштеп чыгууну сунуштайбыз, ал эмнеден турат? Биз жер титирөө эпицентрлерде болушу мүмкүн экендигин билебиз. Эгерде бул борборлорго жер титирөөнүн очогунун пайда болушун аныктоо үчүн билдиргичтер орнотулган болсо, калкка эскертүү үчүн шаарлар менен айылдар бул системага автоматтык түрдө сигнал бериши керек. Сейсмикалык толкун жер титирөөнүн очогунан калктуу пункттарга жеткенче ондогон секунд талап кылынат. Бул убакытта канча адамдын өмүрүн сактап калууга болот. Стандарттарга келсек, Казакстан иштеп жаткан сейсмикалык аймактарда долбоорлоо жана курулуш нормаларын күчөттү. Албетте, алардын бекем сакталышы биринчи кезекте долбоорлоо уюмдарынын жана иштеп чыгуучулардын милдети. Ал эми курулушчулардын сапаты көбүнчө аларга жараша болот.
Жылдын аягына чейин Алматыда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30дан ашык сейсмологиялык станциялар ишке киргизилет. Алар жер титирөө коркунучун кеңири талдоого жардам берет. Ошондой эле, министрдин айтымында, мекеме имараттардын жана курулуштардын туруктуулугун деталдуу анализдөөгө мүмкүндүк берүүчү заманбап жабдууларды сатып алуу маселесин кароодо. Буга жапониялык адистер тартылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков