Казакстандын каржы министрлиги байлыкка салык киргизүү мерчемин жарыялады

Казакстандын каржы министрлиги байлыкка салык киргизүү мерчемин жарыялады

Казакстанда байлык салыгын киргизүү мерчеми жарыяланды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда байлар кымбат баалуу унааларга салыкка кошумча коэффициент төлөшөт. Каттоо акысын көтөрүү менен салыктын өлчөмү да көтөрүлүшү мүмкүн. Бул категорияга учактардын, яхталардын жана кыймылсыз мүлктөрдүн айрым түрлөрү да кирет. Батирлерге, 300 чарчы метрден ашык үйлөргө, 400 чарчы метрден ашык коттедждерге карата мүлк салыгын жогорулатуу көздөлүүдө. Айта кетсек, байлык салыгын киргизүү маселеси Улуттук экономика министрлигинин сайтында талкууланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков