Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы мүдүрү Алматыга бейрасмий сапар менен келди. Тедрос Адханом Гебрейесус республиканын Саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният менен бирге Асфендияров атындагы Казак улуттук медициналык университетине барды. Анда Бүткүл дүйнөлүк уюмдун жетекчиси билим берүү мекемесинин тарыхы, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө жана коронавирустук пандемияга каршы күрөшүүгө кошкон салымы менен таанышты. Саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният ардактуу конокко “Улут ден соолугу” улуттук долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жана өзү жетектеген бөлүмдүн 2025-жылга чейинки милдеттери тууралуу айтып берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков