Алар IT, илим жана айыл чарба тармагындагы Европанын жана Азиянын алдыңкы университеттери. Каалоочулар ал жакка гранттык негизде да, коммерциялык негизде да кире алышат. Белгилей кетсек, Манаш Козыбаев атындагы Түндүк Казакстан университетинин базасында буга чейин АКШдан келген Аризона университетинин өкүлчүлүгү ачылган. Студенттер өлкөдө алгачкы 3 курсту окуп, акыркы курсту борбордук университетте аяктай алышат.
Дамель Мектепбаева, KOZYBAYEV UNIVERSITY башкармалыгынын мүчөсү:
- Бизде программалардын эки түрү бар. Биринчи түрү кош диплом деп аталат. Ал жакта 2 программабыз бар. Бул биотехнологиялар жана маалымат технологиялары. Аталган программалар абитуриенттердин чоң кызыгуусун жаратты. Ошондой эле, 5 эл аралык программа бар. Анда инженердик, педагогика, табият таануу илимдери камтылган.
Актөбөдө британ университетинин бизнес жана өндүрүш тармагындагы өкүлчүлүгү өз ишин баштайт. Сеул илим жана технология университети Кызылордада өзүнүн кампусун түзөт. Ал эми Германиянын кээ бир университеттери Актауда тааныштырылат. Казакстанда чет өлкөлүк университеттердин филиалдарынын ачылышы казакстандык жаштарга чет жакка чыкпастан алдыңкы эл аралык университеттердин дипломдорун алууга шарт түзөт. Мындан тышкары, бул жергиликтүү билим берүү мекемелеринин өнүгүшүнө түрткү болот, деп эсептейт мекеме.
Бану Нарбекова, Жогорку жана ЖОЖдан кийинки билим берүү комитети төрагасынын милдетин аткаруучу:
- Менин оюмча, биздин башка филиалдарыбыздын ачылышы агымдын азайышына жана университеттерибиздин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга таасирин тийгизет. Анткени биз билим берүү тажрыйбалары менен гана алмашпастан, илимий изилдөөлөр менен да бөлүшөбүз. Ал эми азыр биз үчүн эң негизгиси – изилдөөгө жана коммерциялаштырууга көп убакыт бөлүү керек.
Белгилей кетсек, башка университеттер менен сүйлөшүүлөр уланууда. Жакынкы 7 жылда Казакстанда чет элдик университеттердин 12 филиалын ачуу көздөлүп жатат. Окутууга алдыңкы профессорлор, илимий кызматкерлер тартылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков