Рим папасы адамзатты курал-жаракка эмес, билимге инвестициялоого үндөдү

Рим папасы адамзатты курал-жаракка эмес, билимге инвестициялоого үндөдү

Рим папасы Франциск дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайынын катышуучуларына кайрылуу жолдоду. Понтифик казактын улуу акыны Абайдын: «Адамдын табиятын сүйүү, адилеттүүлүк, кайрымдуулук түзөт» деген сөзүн мисалга келтирди. Ошол эле учурда Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы адамзатты курал-жаракка эмес, билимге инвестициялоого үндөдү.

Рим папасы Франциск

- Учурда дүйнө курал-жаракка чоң инвестиция салууда. Негизинен бул каражатты билимге салуу керек деп эсептейм. Ошондо гана адамзат алдыга жыла алат. Дүйнөдөгү абал да курчуп баратат. Ар кандай чыр-чатактардан тышкары, моралдык маанай төмөндөп, жаратылышка эбегейсиз зыян келтирип жатабыз. Дүйнө жалпы диалогго муктаж. Диндердин бардыгы ушул максатта иш алып барышы керек.

Ошондой эле, Рим папасы Казакстанга болгон өз каалоосун билдирди. «Казакстан бири-биринен алыс болгондордун башын бириктирип, жараштырган мекенге айлансын. Казак жери инсандык карым-катнашты негизге алып, маанилүү жолугушуулар үчүн жаңы жолдорду ача берсин. Бул жаатта өз ара урматтоого жана чынчылдыкка басым коюлган» - деди Понтифик.

Рим папасы Франциск

- Казакстандын достук мамилелерди түзүү аракетин белгилегим келет. Бул сиздердин өлкөңүздөрдүн өзгөчөлүгү жана муну баарыбыз кредо катары үлгүгө алышыбыз керек. Уникалдуулугубузду сактоо менен бир туугандык жолугушууга даяр бололу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков