Курамы жаңыланган Мажилистин алгачкы сессиясы жыйынтыкталды

Курамы жаңыланган Мажилистин алгачкы сессиясы жыйынтыкталды

Төмөнкү палатанын төрагасы – Ерлан Кошанов депутаттар шайлоо алдындагы үгүт иштеринде жарандардын бардык талаптарын эске алышканын айтты. Эл өкүлдөрү ар бир жалпы жыйында орто эсеп менен 30га чейин депутаттык суроо коюшкан. Алардын дээрлик бардыгы өлкөнү тынчсыздандырган өтө орчундуу маселелер. Бул сессияда Мажилис 31 мыйзам кабыл алып, жактырылган документтердин үчтөн бир бөлүгүн демилгелеген. Коомдук көзөмөл, мыйзамсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтаруу жана жол кыймылын уюштуруу, суюлтулган газдын жүгүртүүсүн жөнгө салуу жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мыйзамдарды кабыл алды. Ыйгарым укуктары күчөтүлгөн Мажилис Жогорку Эсептөө палатасынын отчётун укту. Эске салсак, Казакстан Республикасынын VIII шайланган парламентинин биринчи сессиясы ушул жылдын жалган куран айынын 29да ачылган.

Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:

- Бул сессия аяктап калды. Аймактарга сапарлар, эл менен жолугушуулар күтүп турат. Бардык аймактарда, алыскы айылдарда, конуштарда жыйындарды өткөрүшүбүз керек. Биздин негизги максатыбыз – өлкөнүн ортосунда болуп, көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берүү, аймактар ​​менен байланышты чыңдоо. Жайында аткарылган иштер кийинки сессияга оң таасирин тийгизет деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков