Мажилисте 2025-жылы аткарылган Мыйзам чыгаруу иштеринин жыйынтыгы чыгарылды

Мажилисте 2025-жылы аткарылган Мыйзам чыгаруу иштеринин жыйынтыгы чыгарылды

Казакстанда e-Спорт – санариптик платформасы киргизилет. Ал тармакты башкарууну жана башка порталдар менен маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздайт. Мажилис массалык жана балдар спортун өнүктүрүүгө багытталган түзөтүүлөрдү колдоду. Негизги жаңылык балдар жана өспүрүмдөр спорт мектептерине ар бир балага эсептеген каржылоо стандартын киргизүү. Ал квалификациялык сынактан өткөн жана окуу процессин улуттук спорттук даярдык стандарттарына ылайык жүзөгө ашыра турган адистерге үстөк акы киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

Никита Шаталов, Парламент Мажлисинин депутаты

- Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектептерине жан башына каржылоо стандарты жана тиешелүү санарип платформа киргизилет. Бул бир спортчуга жумшалган каражатты эки эсеге көбөйтүп, машыктыруучулардын эмгек акысынын көбөйүшүнө жол ачат. E-спорт платформасы каттоодон өткөрүү жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле башка системалар менен маалымат алмашууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Мажилис Сенат сунуштаган жаңы редакциядагы бир катар мыйзамдарга макул болду. Жогорку палатанын Курулуш кодексине, банк ишине, ошондой эле санариптештирүү, транспорт жана ишкердик жөнүндө мыйзамдарына киргизген өзгөртүүлөрү кабыл алынды. Түзөтүүлөр тактоо мүнөзүнө ээ жана Мажилис кабыл алган мыйзамдардын концепциясын өзгөртпөйт. Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө Палатанын былтыркы аткарган иши жыйынтыкталды.

Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы

- Биз быйыл Президент алдыбызга койгон бардык милдетти мөөнөтүндө ишке ашырдык. Кабыл алынган мыйзамдар мамлекетибиздин андан ары өнүгүшүнө шарт түзүп, элдин жыргалчылыгын арттырууга көмөк көрсөтөрү анык. Нормалардын бир катарын депутаттардын мыйзам чыгаруу демилгелери аркылуу ишке ашырдык. Бул документтерде эл менен мамлекеттин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугу камсыздалып, бизнести өнүктүрүүгө шарт түзүлдү. Келерки жылы да ушул темпти сакташыбыз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков