Казакстан менен Кытай жезди эритүү тармагында кызматташтык орнотууга кызыкдар

Казакстан менен Кытай жезди эритүү тармагында кызматташтык орнотууга кызыкдар

Казакстан менен Кытай жылына 300 миң тонна жез эритүүчү завод курат. Абай облусунда курула турган жогорку технологиялык өнүм чыгаруучу ишкана республикадагы эң ири өндүрүш борборуна айланат. Долбоордун алдын ала баасы бир жарым миллиард долларды түзөт. Тиешелүү келишимге өлкө Премьер-Министри Олжас Бектенов менен кытайлык компаниянын жетекчиси Си Чжэнпиндин жолугушуусунда кол коюлду. Заводдун курулушунун натыйжасында дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири менен азыркы жез эритүүчү өндүрүштү бириктирген кластер түзүлөт. Жаңы өндүрүш борборунда колдонула турган жаңы технологиялар дүйнөлүк экологиялык стандарттарга жооп берет. Уникалдуу долбоорду 2028-жылдын аягына чейин ишке киргизүү мерчемделген. Ишкана жезди камтыган чийки затка жана катоддуу жезди кайра иштетүү боюнча ички рыноктун суроо-талаптарын камсыз кылат. Өнүмдүн бул түрлөрү электр энергиясы, унаа жасоо сыяктуу тармактарда кеңири колдонулат. Мындан тышкары жаңы заводдо аффинаждалган алтын, күмүш жана күкүрт кислотасын өндүрүү көздөлүп жатат. Бозшакөл мен Актогай, муну менен катар «Шыгыстүстимет» ТОО-кен байытуу комбинаттарынын жез концентраты чийки заттын булагы болмокчу.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков