Казакстан менен Орусиянын
тышкы иштер министрлери президент Касым-Жомарт Токаевдин Москвага боло турган
мамлекеттик сапарына даярдыктарды талкуулашты. Эске сала кетсек, мамлекет башчысы
Орусияга жетинин айынын 12де барат. Ошондой эле Ермек Кошербаев менен анын орусиялык
кесиптеши Сергей Лавровдун жолугушуусунда өлкөлөрдүн саясий,
соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка негизги тармактардагы
активдүү кызматташтыгы белгиленди. Казакстандын тышкы саясий мекемесинин башчысы
жолугушуунун өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 33
жылдыгына туш келгендигинин символикалуулугун баса белгиледи. Анын пикиринде,
бул эки тараптуу диалогдун ишенимдүү мүнөзүн баса белгилейт. Белгилей кетсек,
бул Ермек Кошербаевдин тышкы иштер министри болуп дайындалгандан кийинки Орусияга
болгон биринчи расмий сапары.
Ермек Кошербаев,
Казакстан тышкы иштер министри:
- Мамлекеттерибиздин
лидерлеринин, тагыраак айтканда, Казакстан Республикасынын Президенти
Касым-Жомарт Кемелевич Токаев менен Орусия Федерациясынын президенти Владимир
Владимирович Путиндин ортосундагы ишенимдүү байланыштар эки тараптуу
байланыштарды өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт, жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз
диалог мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыктын бүткүл комплексине
динамика берет.
Сергей Лавров, Орусия
Федерациясынын тышкы иштер министри:
- Бүгүн биз
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин Орусия Федерациясына
болгон мамлекеттик сапарына даярдыкка өзгөчө көңүл бурдук. Лидерлердин
дипломатиясы Орусия-Казакстан кызматташтыгынын бардык комплексине керектүү
динамиканы берет. Орусия Казакстандын алдыңкы соода өнөктөштөрүнүн арасында,
Казакстандын экономикасына эң ири инвестор жана жылуулук жана гидроэнергетика
боюнча биргелешкен долбоорлор аркылуу энергетикалык коопсуздукту камсыздоого
көмөк көрсөтүүгө чоң көңүл бурулууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

