Казакстанда жаңы спутниктик байланыш ишке киргизилет.
Парламент байланыш рыногун жана тармагын санариптештирүүнү өнүктүрүүгө
багытталган мыйзамды кабыл алды. Документтин алкагында ата мекендик байланыш операторлорунун инфраструктурага тең жеткиликтүүлүгү камсыз кылынат. Бул атаандаштыкты күчөтүп, натыйжада
кызмат көрсөтүүнүн сапаты жогорулап, камтуу аймагы кеңеет, дешет депутаттар. Айыл чарба жана өнөр жай объекттерин санариптештирүү учурунда байланыш кызматтары
субсидияланат. Жалпылап
алганда тармактын инвестициялык тартымдуулугу жана
инновациялык үлүшү жогорулайт деп күтүлүүдө.
Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Бул мыйзам байланыш рыногун, ошондой эле, санариптештирүүнү өнүктүрүү жана маалыматташтыруу тармагына инвестиция тартуу маселелерин камтыйт. Бир катар түзөтүүлөр космостук мониторинг маалыматтарын пайдалануу чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган. Муну менен катар, жасалма төлөм операцияларын алдын алууга багытталган конкреттүү чаралар каралган. Жалпысынан кабыл алынган мыйзам сапаттуу жана жеткиликтүү байланыш кызматтарын көрсөтүүгө, ошондой эле, Казакстандын санариптик дараметин өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков