Мажилисинин спикери президенттин тапшырмасын алкагында депутаттар алдында коюлган милдеттерди атады

Мажилисинин спикери президенттин тапшырмасын алкагында депутаттар алдында коюлган милдеттерди атады

Мамлекет башчысынын өкмөткө койгон милдеттерин ишке ашыруу үчүн бекем мыйзамдык пайдубал керек.  Депутаттар коомго керектүү мыйзамдарды гана кабыл албастан, алардын маңызын да түшүндүрүүгөтийиш. Бул тууралуу бүгүн Мажилистин спикери билдирди. Ерлан Кошанов белгилегендей, Президент сапаттуу инвестицияларды тартууга, алдыңкы технологияларды киргизүүгө, салык реформасына басым жасады. Мунун баары, палатанын төрагасынын пикири боюнча, казакстандыктардын туруктуу өнүгүүсүн жана жыргалчылыгын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бирок бул үчүн ар бир депутаттан, ар бир фракциядан салым керек.

Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы:

- Бардык мыйзамдык чечимдер калк менен тыгыз байланышта кабыл алынышы керек. Мындан ары да өз ишмердүүлүгүбүздө «элдин үнүн кулак салган мамлеке» концепциясын жетекчиликке алуу жана шайлоочулар менен активдүү өз ара аракеттенүү керек. Мажилистин коомдук кабылдамасынын алкагында интенсивдүү баарлашуу, жарандардын кайрылууларына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Элдин пикири, элдин эрки-бул мамлекет башчысынын бардык саясатынын негизги концепциясы болуп саналат.

Мажилис Орусия менен бирдиктүү энергетикалык тутумдарын иши тууралуу макулдашууну ратификациялады

Ошондой эле палатанын жыйынында депутаттар бир катар мыйзам долбоорлорун карап, кабыл алышты. Атап айтканда, мажилисмендер Казакстан менен Орусиянын ортосундагы бирдиктүү энергосистемалардын параллелдүү иштешин камсыз кылуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялашты. Документте коңшу өлкөлөрдүн энергетика жаатында өз ара аракеттенүү шарттары белгиленген.  Электр энергиясынын пландан тышкаркы агымына жана анын өлкөдөгү тартыштыгына байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри:

- 2 учурда ар кандай төлөм режимдери каралган. Биз макулдашкан 150 мегаватт четке кагуунун алкагында Казакстан тарап электроэнергиянын баасын гана төлөйт, башкача айтканда, 150 мегаваттан жогору болсо – электр энергиясынын баасынан тышкары – диспетчерлөө, ошондой эле Россет желелери боюнча транзит төлөнөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков