Казакстандык ишканалар «Иннопром. Беларусь» көргөзмөсүндө өнөр жайды санариптештирүү тармагындагы инновациялык иштеп чыгууларын көрсөтүштү. Алардын ичинде интеграцияланган так жер иштетүү, жер семирткич чачуу жана навигация системасы бар комбайндар менен тракторлор, өндүрүштө коопсуздукту жогорулатууга арналган "акылдуу" каскалар жана медицина менен билим берүүдө киргизилген жасалма интеллектке негизделген чечимдер бар. Минскиде өткөн ата мекендик павильондо унаа жасоо, химия жана курулуш тармактарынын 20 алдыңкы ишканасынын өздүк өнүмдөрү жана уникалдуу стартап долбоорлору көпчүлүктүн назарына сунушталды. Көргөзмөдө өлкөнүн премьер-министри сөз сүйлөдү. Олжас Бектенов Казакстан инновациялык жана санариптик экономиканы калыптандыруу жолу менен келе жатканын белгиледи. Анын айтымында, диджитал чечимдер кайра иштетүү өнөр жайы тармагында активдүү колдонулат. Акыркы жылы мындай компаниялардын саны 3,5 эсеге өстү. Тоо-кен металлургиясы, мунай-газ сектору, унаа жасоо тармагы да AI технологияларын киргизүү темпин арттыра түшкөн.
Олжас
Бектенов, Казакстан Премьер-министри:
- Касым-Жомарт
Кемел уулу Токаев аяк оона айынын 8де элге кайрылуусунда санариптик жаңыланууну
ишке ашыруу үчүн экономиканын бардык тармактарына жасалма интеллектти
киргизүүнү тездетүү боюнча стратегиялык милдет койду. Ал үчүн биз маалыматтарды
иштеп чыгуу борборлорун, ишенимдүү байланыш каналдарын жана заманбап
технопарктарды камтыган санариптик архитектураны калыптандырып жатабыз. Алардын
бири электр жана жылуулук тармактарын диагностикалоо үчүн жасалма интеллект
технологияларын милдеттүү түрдө киргизүү болду. Казакстандын кайра иштетүүчү
өнөр жайы санариптештирүү жолуна ишенимдүү түрдө түштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

