Казакстан-Жапония кызматташтыгы бекемделет

Казакстан-Жапония кызматташтыгы бекемделет

Бүгүн Казакстандын Президенти Жапонияга болгон расмий сапарынын алкагында алдыңкы компаниялардын жана мамлекеттик уюмдардын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрдү. Rakuten Group конгломератынын негиздөөчүсү Хироши Микитани менен болгон баарлашууда Касым-Жомарт Токаев алардын санариптик трансформациянын жаңы фазасына кирген тажрыйбасы Казакстанга кызыктуу экенин белгиледи. Өлкө рак ооруларын дарылоодо компаниянын иштеп чыгууларына да кызыкдар. Мамлекет башчысы Rakuten компаниясынын Казакстандагы катышуусун кеңейтүүгө болгон кызыгуусун кубаттады.


Казакстандын Президенти Токионун губернатору Юрико Коикэ менен санариптештирүү, борбор калаалардын туруктуу өнүгүүсү, шаарды башкарууга инновациялык чечимдерди киргизүү боюнча кызматташууну талкуулады. Касым-Жомарт Токаевге шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн алдыңкы технологияларды колдонгон Smart city концепциясы сунушталды. Жолугушуунун жыйынтыгында президенттин катышуусунда Астананын акими Жеңис Касымбек менен Токионун губернатору Юрико Коикэ эки борбордун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Мындан тышкары, мамлекет башчысы Токайдын өзгөчө кырдаалдар боюнча кырдаалдык борборунда болду.


Касым-Жомарт Токаев транспорт жана логистика, энергетика, атом өнөр жайы, металлургия жана геологиялык чалгындоо тармактарындагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселесин Sumitomo ири соода-инвестициялык корпорациясынын жетекчиси менен талкуулады. Шинго Уэно «Казатомпром» менен ядролук медицина тармагында долбоор даярдалып жатканын билдирди.


Ошондой эле, Казакстандын Президенти Жапониянын Металлдар жана энергетикалык коопсуздук боюнча уюмунун төрагасы Ичиро Такахаруну кабыл алды. Тараптар өтө маанилүү минералдарды чалгындоо, казып алуу жана кайра иштетүү жаатында кызматташууну талкуулады. Касым-Жомарт Токаев JOGMECтин өлкөдөгү долбоорлорго кызыкдар экенин белгиледи. Келечекте компания мамлекет аймагындагы геологиялык чалгындоо долбоорлоруна катышуусун кеңейтиши мүмкүн.


Андан кийин мамлекет башчысы Mitsui компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев компаниянын Астана шаарында жабдууларды капиталдык оңдоо үчүн өндүрүштүк комплексти куруу пландарын жактырды. Тараптар транспорт жана логистика, табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн технологияларды киргизүү жаатында кызматташууну да келечектүү деп атады.


Астанада тоо-кен казып алуу техникасын капиталдык оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча өндүрүштүк комплекстин курулушу тууралуу Казакстандын Президенти Komatsu корпорациясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы менен сүйлөштү. Хироюки Огаванын айтымында, бул объект Борбордук Азиядагы эң ири хаб болуп калат. Тараптар квалификациялуу кадрларды даярдоо маселелерин да көз жаздымда калтырган жок. Мисалы, компания Казакстанда операторлор, механиктер жана инженерлер үчүн аймактык окуу борборун түзүүнү көздөөдө.


Касым-Жомарт Токаев Hitachi Construction Machinery компаниясынын президенти Масафуми Сэнзаки менен Казакстандын тоо-кен ишканаларынын кызматташтыгын кеңейтүү маселесин талкуулады. Тараптар биргелешкен иштин келечектүү багыттары катары санариптештирүү, «жашыл» технологияларды жана автономдуу транспорттук системаларды киргизүүнү белгилешти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков