Токаев ЖККУнун сессиясына катышты

Токаев ЖККУнун сессиясына катышты

Касым-Жомарт Токаев ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши сессиясына катышуу үчүн Беларуска келди. Минсктеги Көз карандысыздык сарайында мамлекет башчысын президент Александр Лукашенко тосуп алды. Жыйын Уюмдун мүчө мамлекеттери - Казакстандын, Беларустун, Орусиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттеринин сүрөткө түшүүсү менен башталды. Сессиянын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланып, ЖККУнун үстүбүздөгү жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды жана алдыдагы пландары аныкталды. Мындан тышкары, мамлекет башчылары күн тартибиндеги глобалдык маселелер боюнча ойлору менен бөлүштү. Касым-Жомарт  Токаев белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу жана Ооганстандагы татаал абал өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Казакстандын президенти эл аралык коомчулукту ооган элине жардам берүүнү улантууга чакырды. Касым-Жомарт Токаев ЖККУ алкагындагы өнөктөштөрдүн баңги зат, курал-жарак айлануусу, транчекаралык кылмыш жана мыйзамсыз миграциянын өсүшүнө байланыштуу тынчсыздануусуна түшүнүү менен карай турганын билдирди. Казакстан Уюмга мүчө-мамлекеттер менен бирге белгиленген чакырыктарга алдыдагы убакытта туруштук берүүгө даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков