Казакстандын президенти Минск шаарында Евразиялык жогорку
экономикалык кеңештин жыйынына катышты. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары
Көз карандысыздык сарайында жолугушуп, тар чөйрөдө экономикалык интеграцияны
андан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты. Жыйынга Беларусь, Кыргызстан, Орусиянын
президенттери да катышып, Армениянын премьер-министри видео байланыш аркылуу
кошулду. Андан соң мамлекет башчылары кеңейтилген курамда чогулушту. ЕАЭБдин
негизги өнөктөштөрү менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн
актуалдуу маселелери талкууланды. Ошондой эле өнөр жай, транспорт жана
логистика, агрардык сектор, санариптештирүү жана жасалма интеллект сыяктуу
негизги багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү андан ары кеңейтүү келечеги
каралды. Белгилей кетсек, кийинки жылы Евразиялык жогорку экономикалык кеңешке
төрагалык кылуу Казакстанга өтөт. Жолугушуунун соңунда бир катар документтерге,
анын ичинде Монголия менен соода жүргүзүү жана Бириккен Араб Эмираттары менен
экономикалык өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларга кол коюлду.
Бакытжан Сагинтаев, Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы:
- Мамлекет башчылары ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын да карап чыгышты. Евразия экономикалык биримдигинин эл аралык аренадагы позициясы кыйла чыңдалды. КМШ, ШКУ, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме биздин өнөктөштөрүбүз болуп саналат. БРИКС менен биримдиктин өз ара аракеттенүүсүнүн негизги контурлары түптөлүп, Латын Америкасы жана Африка өлкөлөрү менен байланыштар тармагы кеңейүүдө. Кызматташуу жөнүндө меморандумдун алкагында 25 өлкөнүн өкмөттөрү менен өз ара аракеттенүү жолго коюлган.
Которгон: Назира Бегалиева

