Касым-Жомарт Токаев Москва жана
Бүткүл Орусиянын
Патриархы
Кирилл менен жолугушту. Мамлекет башчысы бул жолугушуу стратегиялык өнөктөш
жана союздаш болгон Казакстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө карай дагы
бир маанилүү кадам болгонун баса белгиледи. Мамлекет башчы эки элдин руханий
байланышын чыңдоого кошкон салымы үчүн жана өзгөчө урматтын белгиси катары
Патриарх Кириллге «Алтын кыран» орденин тапшырды. Урматтуу конок Касым-Жомарт
Токаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Орус православ
чиркөөсүнүн миссиясы ар дайым тынчтыкты жана элдердин ортосундагы өз ара
түшүнүшүүнү бекемдөө болуп келгенин билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
- Эң оболу, съезддин
жүрүшүндө биз менен бирге болууну тандаганыңыз үчүн Сизге чын жүрөктөн
ыраазычылыгымды билдиргим келет. Сиздин катышууңуз чындыгында бул Форумдун
каалаган ийгилигине жетүү үчүн абдан маанилүү. Биз сизди абдан сыйлайбыз.
Казакстан менен Орусия
стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин билесиздер.
Кирилл, Москванын жана бүткүл Орусиянын
патриархы:
- Казакстан дос өлкө. Биз
чындыгында
кылымдар бою чогуу жашадык. Биздин өлкөлөр азыр башкача болушу мүмкүн, бирок
бул бизге достуктун, өз ара колдоонун жана кызматташтыктын байланыштарын
сактоого тоскоолдук кылбайт.
Президент
Касым-Жомарт Токаев жөөт уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту
Дүйнөлүк
жана салттуу диндердин лидерлеринин конгрессинин алкагында Казакстандын
президенти еврей уюмдардын өкүлдөрү — Израилдин ашкенази жана сефардиялык башкы
раввиндери жана негизги америкалык еврей уюмдарынын президенттеринин
конференциясынын төрагасынын орун басары менен жолугушту. Президент алардын форумга катышуусу
алардын өлкөлөр ортосундагы маданий жана руханий байланыштарды чыңдоого жана
диндер аралык диалогду өнүктүрүүгө даяр экендигин айгинелеп турганын баса
белгиледи.
Мамлекет
башчы Иерусалимдин патриархы Феофил
III
менен жолугушту
Иерусалим
патриархы менен жолугушууда Касым-Жомарт Токаев съездди өткөрүү демилгесин колдогону үчүн
ыраазычылык билдирип, анын сунуштары форумдун ролун бекемдөөгө чоң салым
кошконун баса белгиледи. Мамлекет башчысы православдар Казакстандын руханий
турмушунда маанилүү орунду ээлей турганын билдирди.
Президент Бириккен Улуттар
Уюмунун Башкы катчысынын Цивилизациялар альянсы боюнча жогорку өкүлү Мигель
Анхель Моратиносту кабыл алды.
Президент ошондой эле БУУнун баш катчысынын
цивилизациялар альянсы боюнча жогорку өкүлү Мигель Анхель Моратинос менен
жолугушту. Касым-Жомарт Токаев өлкө Цивилизациялар альянсы менен кызматташууга
өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Өз кезегинде ардактуу конок Казакстандын
реформаларына жогору баа берип, форумдун жыйынтыгы тынчтык менен ынтымакты
чыңдоого салым кошот деген ишенимин билдирди.
Мамлекет башчысы Дүйнөлүк жана
салттуу диндердин лидерлеринин VIII съездине катышып жаткан Кытайдан келген
делегация менен жолугушту
Бүткүл дүйнөлүк даосизм федерациясынын жетекчиси,
Кытайдын буддисттер ассоциациясынын төрагасынын орун басары жана Кытай Эл
Республикасынын Дин иштери боюнча башкы башкармалыгынын административдик
департаментинин мүдүрүнүн орун басары менен болгон баарлашууда Президент Токаев
Кытайдын конструктивдүү ролун жана Төрага Си Цзиньпиндин цивилизациялык
диалогду өнүктүрүүдөгү кошкон салымын жогору баалады. Мамлекет башчы ошондой
эле бул жаатта биргелешкен иш эки өлкөнүн туруктуу стратегиялык өнөктөштүгүн
бекемдейт деген ишенимин билдирди.
Мамлекет башчысы Кавказ
мусулмандар башкармалыгынын төрагасы шейх-аль-ислам Аллах-шүкүр Пашазадени
кабыл алды.
Касым-Жомарт Токаев Кавказ мусулмандар башкармалыгынын
төрагасы, шейх-аль-ислам Аллах-шүкүр Пашазаде менен жолугушууда Казакстан менен
Азербайжан диндер аралык диалог боюнча позициясы окшош экенин баса белгиледи.
Мындай өз ара аракеттенүү эки өлкөнүн ортосундагы узак мөөнөттүү өнөктөштүк
үчүн бекем негиз болуп кызмат кылат.
Казакстандын президенти Бириккен Араб Эмираттарынын Ислам иштери жана Вакфтар боюнча башкы башкармалыгынын төрагасы Омар Хабтур Аль Дара менен болгон жолугушууда түрдүү конфессиялар ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө боюнча биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн талкуулады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

