Жакында эле Астанада өткөн «Борбор Азия – Кытай» форумунда эки тарап 24 млрд долларга барабар 58 коммерциялык келишимге кол коюшту. Анын ичинде Алматы облусунда «жашыл» энергетика, логистика, агроөнөр жай комплекси тармагындагы 6 млрд долларлык 7 документке кол коюлду. Ушул багыттарда Астана шаары, Кызылорда жана Түркестан облустары да биргелешкен жаңы демилгелерди сунушташты. Премьер-министр Олжас Бектенов КЭР менен болгон жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча атайын кеңешме өткөрдү. Жыйынга мамлекет башчылары жетишкен макулдашууларды ишке ашыруу жолдору каралды. Кытай – Казакстан экономикасындагы алдыңкы инвесторлордун бири. 2005-жылдан бери өлкөгө 26 млрд доллардан ашык каражат салган. Учурда республикада наркы 66 млрд доллардан ашкан 224 индустриалдык долбоор ишке ашырылып жатат. Өкмөт башчысы өлкөгө тартылган чет элдик инвестицияларды 2029-жылга чейин 150 млрд долларга жеткирүү башкы милдет экенин белгиледи. Ошондуктан анын көлөмүн арттыруу, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү, өзгөчө чийки заттык эмес жана экспортко багытталган өнүмдөрдү өндүрүү боюнча системалуу чаралар зарыл.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Кытайдын башчысы Си Цзиньпин мырзанын өлкөгө сапары абдан ийгиликтүү өттү. Биздин президентибиздин аркасында Кытай менен алакабыз азыр абдан жакшы. Саясий диалог тездик менен өнүгүп жатат. Биз ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, экономикалык багытта тез арада активдүү иш алып барышыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

