Мамлекет башчысы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту

Мамлекет башчысы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын президенти менен жолугушту

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Казакстандын инфраструктуралык өнүгүүсүн андан ары колдоого кызыкдар. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда каржы уюмунун президенти Одиль Рено-Бассо билдирди. Банк менен байланыш түзүлгөндөн бери өлкө чакан жана орто бизнес, энергетика, айыл чарбасы сыяктуу бир катар стратегиялык сектордо олуттуу натыйжаларга жетишти. 2024-жылы инвестициянын көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйүп, 1 млрд евронун тегерегин түздү. Банктын башчысы өлкөнүн транспорттук дараметин, энергетика секторун өнүктүрүүгө жана «жашыл экономика» программаларын колдоого даяр экенин айтты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков