Казакстан суу ташкынына карата даярдыктын күчөтүлгөн режимине өтөт

Казакстан суу ташкынына карата даярдыктын күчөтүлгөн режимине өтөт

Суу ташкыны мезгили үчүн жогорку даярдык режимге өтүү. Мындай зарылчылык тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Сырым Шарипханов өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, үчтүн айы-бирдин  айларында республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачындын жана абанын температурасы нормадан жогору болушу күтүлөт. Ал эми аймактарды кар менен каптоо Казакстандын 5 облусунда  бир эле учурда 70%га чейин, 12синде 90%ды түзөт. Учурда мекеменин башчысынын айтымында, буга чейин 39 миң адамдан турган атайын күчтөрдүн топтору түзүлгөн. Ошондой эле 11 миңге жакын жабдуулар, 500дөн ашык сууда сүзүү жабдуулары жана 3 миңден ашык мотопомп даярдалган. Өзгөчө кырдаалдар министри тиешелүү кызматтар азыртадан эле күтүү режиминде экенине ишендирди.

Сырым Шарипханов, Өзгөчө кырдаалдар министри:

Күчтөрдү жана каражаттарды ыкчам которууда, ошондой эле жабыркаган калкты авариялык эвакуациялоодо «Казавиапастын» учактары дайыма даярдыкта турат. Жарандык коргонуунун аскер бөлүктөрү да куткаруу иштерине катышууга даяр. Жарандык коргонуу системасынын башкаруу органдарынын, күчтөрүнүн жана каражаттарынын иш-аракеттерин тажрыйбалык текшерүү штабы Актөбө шаарында жайгашкан «Көктем-2024» республикалык командалык-штабдык машыгуусунун алкагында өткөрүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков