Казакстандагы ири кендерди иштетүүдө улуттук компаниялардын үлүшү 50% кем болбошу керек. Бул корунда 100 миллион тоннадан ашык мунай жана 50 миллиард чарчы метрден ашык газы бар кендерге тиешелүү. Бүгүн мажилис тийиштүү норма көздөлгөн мыйзам долбоорун кабыл алды. Ошондой эле, документте жер казынасын пайдалануучулардын административдик чыгымдарын азайтууга багытталган ченемдер каралган. Чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча келишимдин мөөнөтү жарым жылдан 2 айга чейин кыскарат. Азайып жаткан кендерди өздөштүрүүнү шыктандыруу үчүн мындан ары фискалдык чараларды алууга укуктук негиз түзүлдү. Бул мындай кен жайларында 2045-жылга чейин 60 миллион тоннага жакын мунай өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок түгөнгүс кен жок. Ошондуктан документте жаңы кендерди ачууга каражат салууга шыктандыруучу чаралар камтылган. Натыйжада тармакка жыл сайын 200 миллиард теңгеге чейин инвестиция салуу көздөлүп жатат.
Едил Жаңбыршин, Парламент
мажилисинин депутаты:
- Адистердин божомолуна ылайык,
Казакстандын 15 чөкмө бассейниндеги көмүртек корунун дарамети 76 миллиард тонна
шарттуу отунга бааланып жатат. Ресурстардын бир кыйла бөлүгү Каспий чөлкөмүнүн
девон жана девонго чейинки чөкмөлөрүндө жайгашкан деп болжолдонот. Долбоорго
ылайык, 64 миллиард тоннасы Каспий ойдуңуна таандык. Бул абдан чоң сандар.
Ошондуктан геологиялык чалгындоо иштерин жандандырышыбыз керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков