В. Путин: Орусия Казакстан менен энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү улантат

В. Путин: Орусия Казакстан менен энергетикалык кызматташтыкты кеңейтүүнү улантат

Санкт-Петербургда дүйнөлүк лидерлерди, топ-менеджерлерди жана эл аралык медиа өкүлдөрүн бириктирген эл аралык экономикалык форум өз ишин аяктады.. Владимир Путинге өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу суроону Казакстан Президентинин телерадиокомпаниясынын мүдүрүнүн орун басары Аскар Джалдинов берди. Буга жооп кылып орус президенти энергетика эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн негизги багыты экенин баса белгиледи. Орусия Казакстан менен газ тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип чыгууга ниеттенүүдө.


Владимир Путин, Орусия Федерациясынын президенти:


- Казакстан менен биздин өзгөчө мамилебиз бар, муну баары жакшы түшүнүшөт, Ооба, биздин тарыхыбыз, бирдиктүү мамлекеттин курамында болуу, адамдардын ортосундагы инсандар аралык, гуманитардык деңгээлдеги байланыштардын маңызы абдан чоң мааниге ээ. Казакстан биздин коргонуу түзүмүбүздүн ЖККУ мүчөсү жана экономикалык бирикменин мүчөсү, биз Казакстан менен ШКУ жана башка уюмдардын алкагында кызматташабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков