Сенат спикери каржылык тартипти сактоого чакырды

Сенат спикери каржылык тартипти сактоого чакырды

Алардын айтымында, бюджеттин кирешеси чыгашаларды жабууга жетпейт. Маселен, акыркы 5 жылда бюджеттин кирешеси 66%га өссө, бул мезгилде чыгаша эки эсеге өскөн. Каржы тартыштыгы Улуттук фонддун эсебинен толтурулуп турат. Бул түгөнгүс фонд эмес. Жогорку палатанын төрагасы аны да толтуруп туруу керектигин эске салды. Биздин милдет – улуттук фонддун каражаттарын көбөйтүү менен балдардын эсебине бөлүнгөн акчаны көбөйтүү,-деп билдирди Маулен Ашимбаев.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Биз негизги инфраструктураны жана стратегиялык чыгымдарды улуттук фонддон каржылоо керектигин колдойбуз. Бирок ошол эле учурда улуттук фондду 100 миллиард долларга жеткирүү боюнча президенттин тапшырмасын аткарышыбыз керек. Азыр биз улуттук фонддун каржысынын төмөндөө тенденциясын көрүп жатабыз. Кийинки 8 жылда улуттук фондубуздун каржысы 73 миллиард доллардан 57 миллиард долларга чейин түшүп кетти. Башкача айтканда, төмөндөө тенденциясына күбө болуудабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков