Президенттик шайлоо боюнча эл аралык байкоочулардын пикири

Президенттик шайлоо боюнча эл аралык байкоочулардын пикири

Учурдагы президенттик шайлоо - Казакстан үчүн маанилүү тарыхый өнөктүк. Мындай пикирди Эл аралык байкоочулар билдиришти. Бир күн бою алар өлкө боюнча шайлоо участокторун кыдырып, шайлоо процессинин ачыктыгына көз салышты. Кесиптешим Айгерим Акимжанова саясий иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү боюнча түрдүү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү кандай ойдо экенин билип көрдү.

Айгерим Акимжанова, кабарчы:

Борбор калаада Эл аралык байкоочуларга көмөк көрсөтүү борбору эртең мененден бери иштеп жатат, бул жерде эл аралык байкоочулардын, казакстандык жана эл аралык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда брифингдер өтүүдө. Маалымат жыйынында, Эл аралык байкоочулар Казакстандагы президенттик шайлоонун өтүшү боюнча өз ой-пикирлери менен бөлүшүүдө. Белгилей кетсек, бул иш-чарага өлкө боюнча 641 эл аралык байкоочу көз салууда. Алар эл аралык уюмдардын жана дүйнөнүн 35 мамлекетинен да өкүлдөр болуп саналышат.

Италиядан келген эл аралык байкоочу Тиберио Грациани Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жасалган чоң даярдыктарды жана шайлоодогу жаштардын жогорку активдүүлүгүн өзгөчө белгилейт. Анын айтымында, таң эртеден тарта астаналыктар жарандык позициясын билдирүү үчүн шайлоо тилкелерине келе башташты.

Тиберио Грациани, эл аралык байкоочу: /Италия/

Мен эч кандай мыйзам бузууларды байкаган жокмун. Бүгүн шайлоодо жаштар да, чоңдор да көп болду. Күндүн биринчи жарымында катышуунун пайызы бир топ көп болгондугун белгилегим келет. Айрым жерлерде 15тен 30%га чейин жетти. Кээ бир жаштардан шайлоонун кандай өтүп жатканын сурадым, баары мыкты деп жооп беришти. Казакстандагы шайлоолор Италиядагы шайлоолордон эмнеси менен айырмаланат? Бул жерде казакстандыктар үчүн майрамдай экен. Элдер бийлешип, бири-бири менен саламдашып, жылмайып жүргөндөрүнө күбө болдум.

Ахмед Сарир Ислам Кызматташтык Уюмунун өкүлү. Чет элдик конок Казакстанда төртүнчү жолу жана экинчи жолу ушундай масштабдагы иш-чарага эл аралык байкоочу катары катышууда.

Ахмед Сарир, Эл аралык байкоочу: /ИКУ/

Биз Казакстандагы шайлоого, ушул жылдын теке айында өткөн референдумга, ошондой эле 2019-жылдагы президенттик шайлоого байкоо жүргүздүк. Казакстанда шайлоо ар дайым уюшкандыкта, эрежеге ылайык, тынч өтөрүн байкадык. Мен үч күн мурун шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушкан учурда, шайлоо абдан таза  өтөрүнө ишенеримди билдиргем.

Байкоочулар түнкүсүн жана эртең түштөн кийин иш алып барышат. Алар добуштарды эсептөөнүн ачык-айкындуулугуна жана адилеттүүлүгүнө көз салышы керек. Эртең менен эл аралык уюмдардын мүчөлөрү жана өлкөлөрдүн өкүлдөрү брифингге катышып, добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулашып, жыйынтыктоочу билдирүүнү жарыялашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков