Касым-Жомарт Токаев Омандын Тышкы иштер министри Бадра Аль-Бусаидини кабыл алды. Жолугушууда мамлекет
башчысы Оман республиканын ишенимдүү өнөктөшү экендигин баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы
кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Маектештер транспорттук-логистикалык, айыл чарба жана маданий-гуманитардык тармактарда,
ошондой эле санариптештирүү, эки өлкө ортосундагы түз авиакаттамдарды ишке киргизүү жаатында өз ара
аракеттешүүнүн келечегин карашты. Мындан тышкары, алар аймактык коопсуздук жана көп тараптуу уюмдардын
алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Касым-Жомарт
Токаев Оман султанына салам жолдоп, Казакстанга иш сапары менен келип кетүүгө
чакырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Оман
Казакстанда кадыр - баркка ээ. Сиздердин өлкө биздин жарандардын, анын ичинде
бизнесмендердин жана маданият ишмерлеринин чоң кызыгуусун жаратууда. Ошондуктан,
кызматташтыгыбызды ар тараптуу жана жемиштүү улантуу үчүн күчтүү
импульс беришибиз керек.
Бадра Аль-Бусаиди, Омандын Тышкы иштер
министри:
- Биз Казакстандын өнүгүүсүнө чоң кызыгуу менен көз салып турабыз. Өлкөнүн жана элдин жыргалчылыгына багытталган масштабдуу реформалар бизге терең таасир калтырат. Бизди Казакстандын экономикасынын өсүү темпи, анын бул регионундагы маанилүү орду менен өлкөнүн тынчтык жана коопсуздук үчүн жакшы коңшулук байланыштарды чыңдоодо ойногон негизги ролу таң калтырат. Биз адилеттүүлүктү орнотууга жана жалпы тынчтыкты, коопсуздукту жана гүлдөп-өнүгүүгө көмөктөшүүгө багытталган тышкы саясатыңызды жогору баалайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

