Сенат жылды жыйынтыктады

Сенат жылды жыйынтыктады

Казакстандын Сенаты жыл жыйынтыгын чыгарды. Жогорку палатанын төрагасы быйылкы мыйзам чыгаруу ишинин жыйынтыгына токтолду. 2024-жылы Парламент баш-аягы 104 мыйзам кабыл алды. Маулен Ашимбаев белгилегендей, кабыл алынган документтер мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткарууга, ошондой эле өлкөнүн саясий жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоого, калктын аярлуу катмарын коргоого жана башка маанилүү милдеттерди ишке ашырууга багытталган. Ар кандай маселелер боюнча өкмөткө 180ге жакын депутаттык суроо-талап жөнөтүлдү. Палатанын спикери 2025-жылга милдеттерди белгиледи. Алар сенаторлордун мыйзам чыгаруу ишин андан ары күчөтүүнү жана региондор менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү көздөйт. 

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы: 

- Эртеңден баштап аймактарга сапарларыбыз башталат. Сапар учурунда жашоочуларды тынчсыздандырган актуалдуу маселелерге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Ошондой эле калк үчүн кабыл алынган мыйзамдардын маанисин кеңири түшүндүрүү зарыл. Келерки жылы Сенат Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык иштелип чыккан жаңы бюджет, салык, суу, курулуш кодекстерин карайт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков