Бүгүн Казакстан Израилден өлкө жарандарын атайын рейс менен эвакуациялайт. Учак Алматыдан Тель-Авивге учуп келди. Өлкө жарандарын коопсуз жайга көчүрүү үчүн бардык деңгээлде даярдыктар көрүлүүдө. Атайын иш-чаралардын комплекси колго алынды. Мындан тышкары Израилдеги Казакстандын жарандары тууралуу бардык толук маалыматтар чогултулуп, тизме түзүлдү. Ыкчам чат түзүлгөнүн да белгилей кетүү керек. Казакстандын Тель-Авивдеги элчилиги мекендештерди бардык сактык чараларын сактоого, бар болгон жаңылыктарды, расмий сайттарды жана ишеним телефондорун көзөмөлдөөгө чакырат. Эске сала кетсек, бир күн мурда республиканын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, 118 казакстандык мекенине кайтып келүү ниетин билдирген. Казакстандын Израилдеги дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн консулдук отчётунда 77 адам бар. Кошумчалай кетсек, аталган өлкөдө 5 студент жана 30га жакын казакстандык медициналык окуудан өтүп жатат. Ошондой эле, Израилде консулдук тизмеде жок 400дөн ашык казак болушу мүмкүн.
Айбек Смадияров,
ТИМ расмий өкүлү:
- Тышкы иштер
министрлиги жана Казакстандын Тель-Авивдеги элчилиги Израилдеги Казакстан
Республикасынын жарандары жана алардын биздин өлкөдөгү жакындары үчүн ишеним
телефонун ачты. Бул эки күндүн ичинде мекендештерибизден 500дөн ашык чалуу
түшүп, аларга жооп берилди. Биздин дипломаттар Израилдеги Казакстандын
жарандары менен дайыма байланышта болуп, алар менен тез арада чара көрүү
максатында атайын мессенджерде чат түзүшкөн. Учурда ага Израилде жашаган
Казакстандын 200дөй жараны кошулду. Бул баарлашууда мекендештерибиз жашаган
жери тууралуу маалымат берип, дипломаттар менен үзгүлтүксүз байланыш түзүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков