Касым-Жомарт Токаев АКШнын соода өкүлү Кэтрин Тай менен эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады. Мамлекет башчы белгилегендей, акыркы үч он жылдыкта өлкөлөр соода, инвестиция, коопсуздук, адам укуктары жана демократия жаатындагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдеди. АКШ Казакстандын экономикасына эң ири инвесторлордун бири. Инвестициялардын көлөмү 65 миллиард доллардан ашса, өткөн жылы товар жүгүртүү 4 миллиард доллардан ашып, 30 пайызга өстү. Кэтрин Тай Касым-Жомарт Токаевге жылуу кабыл алуусу, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча жаңы ыкмаларды жеке талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков