Мажилис жаңы Бюджет кодексинин долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Мажилис жаңы Бюджет кодексинин долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Казакстанда квазимамлекеттик сектордун субъекттеринин ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү жана бюджеттик процессти жөнөкөйлөтүп, эки эсеге кыскартуу көздөлүүдө. Мындан тышкары, региондук мамлекеттик органдардын өнүгүү пландарын иштеп чыгуу жана бекитүү республикада үч жылда бир гана жолу жүргүзүлүүсү мерчемделип жатат. Ушул жана башка ченемдер жаңы Бюджеттик кодекстин долбоорунда каралган. Мажилис депутаттары аны биринчи окууда жактырды. Документти эл өкүлдөрүнө Улуттук экономика министри тааныштырды.  Алибек Куантыров белгилегендей, жалпысынан өзгөртүүлөр Сингапурдун мисалында блоктук бюджеттик моделди киргизүүнү карайт. Мында өлкөнүн мамлекеттик башкаруу системасынын өзгөчөлүгү эске алынат. Министр бул инновациялар казак бюджетинин ийкемдүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл экенин баса белгиледи. Мындан тышкары, түзөтүүлөрдү эске алуу менен мамлекеттик органдарга бюджеттик каражаттарды башкарууда эркиндик берилүүдө. Жалпысынан жаңы бюджеттик кодекстин долбоорунда өлкөнүн өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү болжолу – 10 жылга алдын ала каралган. Бул жерде глобалдык чакырыктарды эске алуу менен тобокелдиктер эске алынып, аларга талдоо жүргүзүлөт. Бул зарыл чараларды өз убагында кароого мүмкүндүк берет. Депутаттар документти кийинки жылдын жаз айларында экинчи окууда карайт деп күтүлүүдө.

Алибек Куантыров, Улуттук экономика министри:
- Бул бюджеттин жүгүн кыйла азайтат. Себеби, мындан ары блоктук бюджет элементтерин киргизген кезде кайталануучу чыгымдарды кошуунун кажети болбойт. Башкача айтканда, алар биринчи жылы базага кошулары менен токтойт. Керек болгон учурда индексацияланат. Бул бюджеттин 60%ын түзөт. Бюджеттик суроо-талапты карасак, бюджеттик көз караштан алганда административдик бюджеттик программалар 24 триллион теңгеге жетет. Анын ичинде буга чейинки 60%ы, бул деген 13 триллион тенгени келерки жылы кайра салуунун кажети болбойт. Анткени ал маалымат базасында бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков