Казакстан эл аралык гуманитардык укукту сактоого чакырат

Казакстан эл аралык гуманитардык укукту сактоого чакырат

Казакстандын президенти Бразилиянын, Иорданиянын, Кытайдын, Франциянын жана Түштүк Африканын башчылары менен бирге Эл аралык Кызыл Чырым комитети менен биргеликте билдирүү жасашты. Алты өлкөнүн лидерлери согуш учурунда гумандуулукту сактоого чакырышты. Казакстандын ТИМи билдиргендей, эл аралык гуманитардык укукка саясий берилгендикти күчөтүү боюнча Глобалдык демилгени илгерилетүүнүн алкагында жасалды. Мамлекет башчылары дүйнө жүзү боюнча чыр-чатактарда эл аралык гуманитардык укуктун масштабдуу бузулушуна жана анын натыйжасында адамзаттын азап чегүүсүнө тынчсыздануусун билдиришти. Алар бардык мамлекеттерди жана бардык согушуп жаткан тараптарды, атап айтканда, жарандарды жана объектилерди, ошондой эле медициналык жана гуманитардык кызматкерлерди коргоого тиешелүү нормаларды сактоого чакырышты. Өлкө лидерлери ошондой эле 2026-жылы куралдуу кагылышуулар шартында гумандуулукту сактоого арналган жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрүлөөрүн жарыялашты. Билдирүү БУУнун бардык алты расмий тилинде, ошондой эле казак жана португал тилдеринде жарыяланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков