Имангали Тасмагамбетов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды. Ал үч жылдык мөөнөткө 2023-жылдын үчтүн айынын 1нен тарта өз милдетин аткара баштайт. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУнун Еревандагы саммитинде билдирди. Уюмдун Кеңешинин жыйынына мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Беларустун, Кыргызстандын, Орусиянын жана Тажикстандын президенттери катышты. Саммитте сүйлөгөн сөзүндө, казак лидери армян-азербайжан жаңжалын дипломатиялык жол менен жөнгө салууга багытталган кадамдарды колдоп, Ооганстандагы кырдаалга өзүнчө токтолду. Ал тараптар тынчтык келишимине кол коюшат деген үмүтүн билдирди. Касым-Жомарт Токаев, ошондой эле уюмдун алкагында кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча бир катар сунуштарды айтты. Тактап айтканда, ал ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрүн мындан ары өнүктүрүү жакынкы мезгилдеги артыкчылыктуу багыт деп атады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков