Президент ишенип тапшырган социалдык-экономикалык жана саясий реформаларды ишке ашырууда парламенттин алдында чоң жоопкерчилик турат. Бул тууралуу парламенттин пленардык жыйынында парламенттин төрагасы Нурлан Нигматулин билдирди. Анын айтымында, азыр депутаттардын алдында президенттин демилгелерин колдоо боюнча бир катар милдеттер коюлду. Бул улуттук коопсуздуктун бүткүл системасын түп-тамырынан бери реформалоо, макроэкономикалык туруктуулукту, чакан жана орто бизнести колдоо, аймактар аралык карама-каршылыктарды жоюу жана калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүү. Ошентип, Мажилис өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды турукташтырууга багытталган бир катар жаңы мыйзам долбоорлорун эске алат. Тактап айтканда, жеке чарбаларды колдоо боюнча мыйзам долбоору, ошондой эле турак-жай саясатын өркүндөтүү боюнча жобо. Акыркы документтин алкагында социалдык аялуу топтор үчүн турак жайдын ижара акысын субсидиялоо механизми аныкталган.
Альберт Рау, депутат, Казакстандын Парламети Мажилисинин экономикалык реформа жана аймактарды өнүктүрүү комитетинин төрагасы:
- Мыйзам долбоорунда Казакстан Республикасынын 4 кодексине жана 19 мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталат. Урматтуу кесиптештер, комитет мыйзам долбоорун кабыл алып, ал боюнча жыйынтык чыгарууга даяр.
Нурлан Ныгматулин, Казакстан Парламенти Мажилисинин төрагасы:
- Депутаттар жарандарыбыздын насыялык жүгүн жеңилдетүүгө мүмкүндүк берген жеке адамдардын банкроттугу тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун үстүнөн ишти башташты. Мунун баары азыркы оор мезгилде абдан маанилүү. Урматтуу кесиптештер, албетте, бул иштердин бардыгы Өкмөт менен гана эмес, бардык саясий партиялар, жарандык коом жана серепчилик коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта түзүлүүгө тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков