Ирандын Президенти Астанага келди

Ирандын Президенти Астанага келди

Ирандын Президенти расмий сапар менен Астанага келди. Касым-Жомарт Токаев Масуд Пезешкианды Акордада тосуп алды. Жогорку даражалуу коноктун келишине карата салтанаттуу аземдер залында ардактуу кароол тизилди. Президенттик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Лидерлер килем төшөлгөн жол менен Казакстандын мамлекеттик туусуна барышты. Андан соң тар чөйрөдө жолугушуу болду. Белгилей кетсек, Ирандын президентинин Астанага расмий сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландалган. Тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда казак-иран кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маселелерин талкуулашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков