Казакстан менен Орусия биргелешкен жаңы долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Алардын дараметин Астанада Премьер-министр Олжас Бектенов жана Орусия Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бардык негизги тармактардын кызматташуу чөйрөсүн кеңейтүү пландары каралды. Алсак, бүгүнкү күндө өнөр жай кооперациясы багытында жалпы суммасы 18 жарым миллиард долларды түзгөн 99 долбоор ишке ашырылды. Муну менен катар Казакстан аркылуу транзиттик ташуулар жогорку темп менен өнүгүүдө. Бул жаатта өлкөлөр автоуаа жана темир жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле суу транспорту чөйрөсүндө жаңы альтернативдүү каттамдарды ачууга көңүл бурушат. Өткөн жылдын 11 айында өз ара соода 24 миллиард доллардан ашты. Товар жүгүртүүнү 30 миллиардга жеткирүү боюнча эки мамлекеттин башчыларынын макулдашуусуна жетишүү үчүн товар алм ашуунун түрлөрү кеңейтилет.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Казакстанда азыр Орусиянын катышуусу менен 23 миңден ашуун компания катталган. Бул жалпы чет элдик капиталы бар ишканалардын болжол менен 40% түзөт. Биз, албетте, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүп, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдөбүз. Ошондуктан орусиялык компанияларды Казакстандагы ар кандай багыттардагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорго активдүү катышууга чакырабыз.
Михаил Мишустин, Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн башчысы:
- Казакстандын жана Орусиянын аймактары аркылуу Евразиянын маанилүү транзиттик жолдору өтөт. Биз «Түндүк-Түштүк» эл аралык коридоруна чоң көңүл бурабыз. Келечекте ал Евразия регионунун бардык мамлекеттеринин кызыкчылыгында маанилүү глобалдык транспорттук багыт болуп калат деп ишенем. Казакстан чыныгы Евразия түйүнүнө айланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

