К. Токаевдин Түштүк Кореяга мамлекеттик сапары

К. Токаевдин Түштүк Кореяга мамлекеттик сапары

Казакстан менен Түштүк Корея соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдейт. Бул тууралуу мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевдин Түштүк Кореяга болгон мамлекеттик сапары учурунда белгилүү болду. Расмий азем Көк үйдөгү салтанаттуу кабыл алуу менен башталды. Касым-Жомарт Токаевди Түштүк Кореянын Президенти Мун Чжэ Ин тосуп алып, урмат көрсөттү.

Эки мамлекет башчыларынын жолугушуусунда тараптар казак-корей стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин кеңири талкуулашты. Өнөктөштүк дарамети чоң. Атап айтканда, Казакстандын экономикасына кореялык инвестицияларды тартуу боюнча ишти системалаштыруу зарыл. Мамлекет башчысы кореялык кесиптешине коронавируска каршы күрөштө көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, казакстандык QazVac вакцинасы тууралуу маалымат менен бөлүштү. Касым-Жомарт Токаев Түштүк Кореянын жогорку технологиялары менен саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү тажрыйбасына кызыгуучулугун билдирди. Ал эми Түштүк Кореянын президенти пандемия башталгандан бери Казакстандын президенти менен мындай жогорку деңгээлдеги жолугушуу биринчи жолу болуп жатканын айтып, эки өлкөнүн өзгөчө мамилесин белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчыларынын катышуусу менен бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Алардын арасында суу ресурстарын башкаруу, архивдик иштер чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүүчүлүк тууралуу меморандумдар бар.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бүгүнкү күндө Казакстандын экономикасына 6 миллиард доллардан ашык кореялык инвестиция тартылды. Инвестиция тартууну мындан ары да улантуу керек деп ойлойм. Мен мындан эки жыл мурун кызматташтыгыбызды жогорулатуу үчүн масштабдуу долбоорду түзүшүбүз керек экендигин сизге айткам. Учурда Казакстанда кореялыктардын катышуусу менен 550 компания иштеп жатат. Алардын арасында Samsung, Hyundai, Lotte, Posko жана башкалар бар. Бул жерде абдан жакшы институционалдык база калыптанган, өкмөттөр аралык комиссия жана ишкер кеңеш иштеп жатат.

Мун Чжэ Ин, Түштүк Кореянын Президенти:

- Корей элинин Казакстан калкына делген ыкласы өзгөчө. Биз үчүн Казакстан Евразия континентинин борбору болуп саналат. Биздин элдердин тарыхый байланыштары Улуу Жибек Жолунан тартып, андан кийин этникалык корейлердин Казакстанга жер которуусу менен уланат. Биз Ыраакы Чыгыштан жер которуп барган корейлерди кучак жайып тосуп алган казак калкынын кең пейилдүүлүгүн эч качан унутпайбыз, ыраазычылык билдиребиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков