Катар
казакстандык 9 долбоорду ишке ашырууга 20 миллиард доллар бөлөт. Үстүбүздөгү
жылдын бирдин айында
Дохада кол коюлган өлкөлөр ортосундагы инвестиция боюнча өкмөттөр аралык
келишимди Мажилис ратификациялады. Долбоорлор келечектүү тармактарда –
телекоммуникация, энергетика, газ өндүрүү жана транспорт, каржы секторунда
көрсөтүлөт. Казакстан өз кезегинде катарлык инвесторлорго
инвестицияны коргоону жана туруктуу салык режимин камсыздайт. Ошентип,
тараптардын макулдашуусунда газды кайра иштетүүчү заводдорду куруу боюнча үч
долбоорду ишке ашыруу каралган. Алар республикада товардык газды казып алуунун
көлөмүн
18 пайызга көбөйтүшөт. Мындан
тышкары «КС-14-Костанай-Актөбе» магистралдык газ түтүгүн жана «Бейнеу-Бозой-Шымкент» газ желесинин экинчи линиясын куруу мерчемделүүдө.
Нурлан
Байбазаров, улуттук экономика министри:
- Долбоорду
ишке ашыруу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздайт. Ошондой эле газ
транспорт системасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну, Кытай Эл
Республикасына газ экспортунун көлөмүн сактоону, Алматы ЖЭБин газга өткөрүүнү
камсыз кылат. Жалпысынан долбоорду ишке ашыруу түштүк, борбордук жана түндүк
аймактардын өсүп жаткан керектөөлөрүн канааттандырат, ошондой эле экспорттун
көлөмүн колдоого алат.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков