Казакстандын президенти саясый куугунтуктун курмандарын эскерди

Казакстандын президенти саясый куугунтуктун курмандарын эскерди

Касым-Жомарт Токаев АЛЖИР мемориалдык -музей комплексине барды. Мамлекет башчысы саясий куугунтуктун жана ачарчылыктын курмандыктарын рухуна таазим кылды. Президент зордоп коллективдештирүү учурунда адамдар мал-мүлкүнөн ажыраганын айтты. Эл ачкадан кырылып, канчалаган адамдар качып, көбү өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон. Сталиндик репрессия маалында улуттук интеллигенция, билимдүү, жарандар массалык түрдө куугунтукка алынган. Миңдеген адамдар эл душманы деп жарыяланып, аёосуз кыйноого алынып, атылган.  Казакстанда жайгашкан ГУЛАГ системасынын 11 лагери болгон. Саясий куугунтукка кабылган 300 миңден ашуун адам акталды. Мамлекеттик комиссия тарабынан изилдеген документтердин негизинде 72 томдук жыйнак жарыяланды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков